<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>Am</key>
<hymn_number>179</hymn_number>
<lyrics>[V1]
.Am                    Dm
 Дүйнөнү сүйгөндүктөн Жараткан Теңир
.G                           C
 Күнөөкөр бул дүйнөгө Уулун берген.
.Am                       Dm
 Төгүлгөн каны менен куткарып бизди,
.G                          C
 Түбөлүк өмүр бизге белек берген.

[C1]
   Дүйнөнүн күнөөлөрүн Өзүнө алып,
   Сенин да күнөөң үчүн курман болгон.
   Бүгүн да сени күтөт кучагын жайып,
   Өмүрдөн куру калба сүйүү толгон.

[V2]
 Күнөөнүн туткунунда биз жашап келдик,
 Азгырык, күнөөлөргө жетеленип.
 Биз кылган далай күнөө, жамандык үчүн
 Ыйса жазага тартылды керилип.

[V3]
 Ал сенин жүрөгүңдү черткилегенде,
 Канча ирет «таштайм» дедиң күнөөлөрдү.
 Ал сага бүгүн дагы кайрылып жатат,
 Ишенип кабыл алгын чындык сөздү.</lyrics>
<title>Дүйнөнү сүйгөндүктөн Жараткан Теңир РЫЖ179</title>
</song>